Эрдогандын сапары венгер басма сөзүндө кенен орун алды

Эрдогандын сапары Европа басма сөзүндө да кеңири орун алды.

2078442
Эрдогандын  сапары венгер  басма сөзүндө кенен орун алды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Венгриянын борбор шаары Будапештке жасаган сапары өлкөнүн басма сөзүндө кенен орун алды. 

The Budapest Times интернет сайты  Венгриянын премьер  -  министри Виктор Орбандын : "Түрктөр жана венгерлер  21 -  кылымдын жеңгендери болот",- деген сөзүн тема кылып берген кабарда өзгөчө Орбандын : "Түркия болбостон Венгриянын коопсуздугу жок",- деген сөздөрүнө орун берилди. 
Hungary Today гезити Эрдогандын жогорку деңгээлдеги кызматташтык сүйлөшүүлөрү үчүн Будапештте болгонун белгилеп, Орбандын Түркиянын Венгриянын коопсуздугу учун "негизги өлкө" деген көз карашына жана эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган  меморандум менен энергетика тармагындагы кызматташтууга көңүлдөрдү бурду. 

Орбандын "21 -  кылымда түрктөр жана венгерлер бирдикте жетишкен тарап болот" деген сөзүн алдыга чыгарган Blikk гезитинин кабарында эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүктүрүлгөндүгүнө жана Эрдогандын : «Венгрия менен болгон достук карым - катнаштар  бир кылымдан дагы көп", - деген сөзүнө орун берилди. 

"Magyar Nemzer" гезитинде Эрдоган  -  Орбан  сүйлөшүүсү Венгриянын премьер  - министринин :  "Түркия менен жакын кызматташуу үчүн аракет кылуудабыз",- деген сөздөрү менен биринчи беттен орун алды. 

Өлкөнүн тектүү гезиттеринен Nepszava Орбандын : "Түркия менен карым  - катнаштарды дагы да өнүктүрүү жана  21 -  кылымдын жеңгендери болуу" деген сөздөрүнө орун берген кабарында өзгөчө Эрдогандын "жылдын ичинде өз ара ишке ашырылган көп сандаган жогорку деңгээлдеги сапар жана кенен кызматташуу менен түрк  -  венгер достугунун бекемделгендиги" тууралуу сөздөрү орун алды. 

Magyar Hirlap гезити жана ATV телеканалынын кабарында Орбандын «21 - кылымдын жеңүүчүлөрү түрктөр менен венгрлер бирге болушат» деген сөзүнө басым жасалды.

Эрдогандын сапары Европа басма сөзүндө да кеңири орун алды.

France24 каналы эки лидердин жолугушуусун «Эрдоган менен Орбан Будапештте  дагы терең байланыш түзүүгө убада беришти" деген темада билдирип, Орбандын Эрдоганга венгр атын, Эрдогандын Орбанга Tогг унаасын бергенин маалымдады. 

Евроньюс интернет сайты Эрдогандын түрк - венегр дипломатиялык карым-катнаштарынын 100 жылдыгын белгилөө үчүн Будапештке барганын белгилеп, эки лидердин жолугушуусунда «эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү» жана Венгриянын 2024 - жылы Түркия аркылуу газ импорттой башташына байланыштуу энергетика темаларынын камтылганын белгилеген.

Politicoнун  кабарында Эрдоган менен Орбандын ортосундагы белек алмашууга басым жасалып, Эрдоган: «Ансыз деле жемиштүү кызматташтыгыбыз болгон коргоо өнөр жайы жана энергетика сыяктуу тармактарда байланыштарыбызды дагы да күчтөндүрүүнү пландап жатабыз»,-дегенине орун берилди. 

 



Тектеш кабарлар