Түрк жарандарынын Газадан эвакуациясы уланууда
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели X социалдык медиа эсебинен билдирүү бөлүштү.
Түркия Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышуулар башталган 8-октябрдан бери Газадан 1047 түрк жараны, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) жарандары жана алардын үй-бүлө туугандарын эвакуациялады.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели социалдык медиа эсебинде X билдирүүсүндө: «8-октябрдан бери Газадан 1047 жараныбыз, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары жана алардын үй-бүлө туугандары эвакуацияланды. Эвакуациялангандарды чек ара дарбазасынын Египет тарабында дипломаттарыбыз тосуп алууда; алар алгач кургактык менен Каирге, андан соң аба жолу менен Стамбулга алып келинүүдө»,-деп айтты.
Кечели эвакуацияны күтүп жаткан жарандардын тизмесинин тынымсыз жаңыланып жатканын белгилеп, Газадагы бардык түрк жарандарынын коопсуз жана кыска убакытта эвакуацияланышын бүтүрүүнү максат кылгандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.