Хакан Фидан : "Улуттук коопсуздугубузду  чыңдай турган кадамдарды таштап, чара да көрөбүз"

Министр Фидан президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн "Эл аралык стратегиялык  байланыш саммитинде» (Stratcom Summit'23) ачылыш сөзүн сүйлөдү.

2068562
Хакан Фидан : "Улуттук коопсуздугубузду  чыңдай турган кадамдарды таштап, чара да көрөбүз"

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : "Улуттук коопсуздугубузду  чыңдай турган кадамдарды таштап, чара да көрөбүз",- деди. 

Министр Фидан президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн "Эл аралык стратегиялык  байланыш саммитинде» (Stratcom Summit'23) ачылыш сөзүн сүйлөдү.

Фидан эл аралык системанын жана геополитикалык тең деменин өзгөргөнүн жана стратегиялык атаандаштыктын Кансыз согуш бүткөндөн  бери эң жогорку деңгээлге жеткенин айтты.
Террор менен күрөшүүдө мурдагы ыкмалардын бүгүнкү муктаждыктарга жетишсиз болуп калганын белгилеген Фидан, Түркиянын террор менен күрөшүү стратегиясын доордун талабына ылайык тынымсыз өнүктүргөн өлкө экенин белгиледи.

Террор менен күрөшүүдө мурдагы ыкмалардын бүгүнкү муктаждыктарга жетишсиз болуп калганын белгилеген Фидан Түркиянын террор менен күрөшүү стратегиясын доордун талабына ылайык тынымсыз өнүктүргөн өлкө экенин белгиледи.

Фидан террор менен күрөшүүдө кээде жалгыз калгандарын айтып : "Кээ бир учурларда дос жана союздаштарыбызды террордук уюмдар менен бирге көрдүк. Ушунун негизинде  империалист күчтөрдүн куралына айланган прокси уюмдарга каршы күрөшүүгө аргасыз болдук, бирок биз чындыкты айтуудан артта калган жокпуз. ДЕАШ менен күрөшүү деген аттын астында  ПККга жана  уландысы ЙПГга башта Америка болгон союздаштарыбыздын берген колдоосун чоң бир стратегиялык жаңылыштык экендигин ар дайым жана ар платформада  айттык. Бүгүн дагы бир жолу бул трибунада баса белгилегим келет : Түркия үчүн турмуштук коркунуч болгон бул темада улуттук коопсуздугубузду бекемдөө үчүн ар бир кадамды таштап жана бардык чараны көрөбүз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар