Фидан түркмөнстандык жана түштүк кореялык кесиптештери менен сүйлөштү

Мындан тышкары Фидандын Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) төрагасы Одил Рено-Бассону Анкарада кабыл алганы кабарланды.

2068254
Фидан түркмөнстандык жана түштүк кореялык кесиптештери менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пак Жин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Фидан менен түркмөн кесиптеши Мередов эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактык маселелерди жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Министр Фидан Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пак менен да эки тараптуу саясий жана экономикалык карым-катнаштар менен энергетика тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берди.

Мындан тышкары Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө, Фидандын Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) төрагасы Одил Рено-Бассону Анкарада кабыл алганы кабарланды.



Тектеш кабарлар