Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине видеоконференция аркылуу катышты

Эрдоган G20 лидерлерине чакырык салды.

2067602
Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине видеоконференция аркылуу катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: "Оккупацияланган Палестина аймактарында, өзгөчө Газада болуп жаткан трагедия эми адамзаттын толеранттуулук чегинен ашып кетти»,- деди.

Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине видеоконференция аркылуу катышты.

Президент Эрдоган, Түркия катары кепил болуу менен бирге түзүлө турган жаңы коопсуздук архитектурасында башка өлкөлөр менен бирге жоопкерчиликти алууга даяр экендиктерин айтты.

"(Израилдин Газага кол салуулары) Абийирдүү ар бир адам кабыл ала тургандай бул окуялардын эч бири өзүн коргоо укугу менен түшүндүрүлбөйт" деген президент: "Бул жерде согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар ачык-айкын жасалып жатат. (G20 лидерлерине) Сиздерди эки мамлекеттүү чечимди орнотууда демилгени колго алууга чакырам", деп билдирди.



Тектеш кабарлар