Хакан Фидан Лондон жана Парижге барат
Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб лигасынын биргелешкен саммитинде Түркиянын аткарган иштери менен түзүлгөн жана Россияда жолугушууларды өткөрө турган делегациянын биринчи аялдамасы кечээ Кытай болду.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан 11 - ноябрда Риядда өткөн Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб лигасынын биргелешкен саммитинде Түркиянын жол башчылыгында чыгарылган чечимдердин негизинде түзүлгөн байланыш тобу менен Газа тилкесинде күч алган чыңалууну токтотуу үчүн Лондон жана Парижге барат.
Сауд Арабия, Иордания, Египет, Индонезия, Нигерия жана Палестинанын тышкы иштер министрлери менен Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысынан турган делегация программасына 22 - ноябрда катыша турган Фидандын Британиянын премьер - министри Риши Сунак жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушары күтүлүүдө.
Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб лигасынын биргелешкен саммитинде Түркиянын аткарган иштери менен түзүлгөн жана Россияда жолугушууларды өткөрө турган делегациянын биринчи аялдамасы кечээ Кытай болду.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7 - октябрда Израилге «Акса топону» деген кол салуу баштагандыгын жарыялаган.
Израиль армиясы да буга жооп катары аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштагандыгын билдирген.
Күч алган чыңалууда көпчүлүгү балдар болгон 13 миңден ашуун палестиналык каза болду.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.