Фидан: «Ислам өлкөлөрү бардык дипломатиялык жана гуманитардык куралдарды колдонот»

Хакан Фидан Израилдин Газадагы кол салуулары жана аларды токтотуу үчүн жасалган эл аралык аракеттер тууралуу Катарда жайгашкан Al Jazeera телеканалына баа берди.

2066014
Фидан: «Ислам өлкөлөрү бардык дипломатиялык жана гуманитардык куралдарды колдонот»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Ислам өлкөлөрүнүн Газа маселеси үчүн колдорунда болгон бардык дипломатиялык жана гуманитардык куралдарды колдонуу менен чечүүнү артык көргөнүн айтты.

Хакан Фидан Израилдин Газадагы кол салуулары жана аларды токтотуу үчүн жасалган эл аралык аракеттер тууралуу Катарда жайгашкан Al Jazeera телеканалына баа берди.

7-октябрдан мурда аймакта нормалдашуу атмосферасы болгонун жана Түркиянын аймактагы нормалдашуу атмосферасына салым кошо турган саясатты колго алганын белгилеген Фидан: «Бирок 7-октябрдан кийин Палестинада негизи эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрдүк. Шейит болгон 13 миңге жакын палестиналык боордошторубуздун каны көрүнүп турганда биздин эч нерсе болбогондой кыймыл кылуубуз мүмкүн эмес эле»,- деди.

Хакан Фидан Түркиянын эки баскычтуу саясат жүргүзгөнүн белгилеп, «кечиктирбестен ок атышпоо жарыялоо жана Газага гуманитардык жардам жеткирүү» экенин билдирди.

Фидан Газа тилкесиндеги блокаданы жоюуга байланыштуу: «Учурдан тарта ислам өлкөлөрү колдорунда болгон бардык дипломатиялык жана гуманитардык куралдарды колдонуу менен маселени чечүүнү тандап алышты»,-деп айтты.

Израилдин Газада өзөктүк курал колдонуу коркунучуна токтолгон министр Фидан : «Израилдин өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине катышуучу болбогонун колдонуу менен өзүнүн өзөктүк мүмкүнчүлүгүн өнүктүргөнүн көрүп жатабыз жана муну билебиз. Бул жагынан Америка жана Европадан чоң колдоолор болду, бул жашыруун эмес»,-деди.

 «Кээ бир жинди израилдик саясатчылардын өзөктүк курал колдонуу жөнүндөгү сөздөрүн эске алганда, бул жерде чоң бир көйгөй бар экени көрүнүп турганын» кошумчалаган Фидан:«Аймак же өзөктүк куралдан толук тазаланышы керек, же башка өлкөлөр бул жагынан өздөрүн коопсуз сезүү үчүн кадамдарды жасоого мажбул болушат, андыктан биз бул маселени чечүүнүн жолун табышыбыз керек»,-деди

Түркиянын Газадагы согуштан кийинки абалга карата бирдиктүү көз карашы бар экенин белгилеген Тышкы иштер министри: «Ачыгын айтканда, Газаны эки мамлекеттүү чечим болмоюнча ким башкарат деген суроонун туура суроо экенин кабыл албайбыз. Газа согушка чейин эле башкарылып келген, азыр да башкара берсе болот. Газанын өзүн-өзү башкаруу маселеси жок. Газанын көйгөйү, анын оккупация астында кармалышы жана  аткылоо астында кармалышы, инфраструктурасын жок кылуу, үстүнкү түзүлүшүн талкалоо. Учурда Газанын башкаруусунда эмес, аны коргоодо бир маселе бар деп ойлойбуз»,-деди.

Түркиянын Хамасты террордук уюм катары кабыл албаганын дагы бир жолу кайталаган Фидан: «Хамас Палестина мамлекеттик системасынын ичинде иш алып барган бир партия»,-деди.



Тектеш кабарлар