Түркия террорго каршы күрөшүн чечкиндүүлүк менен улантууда

Кызыл категорияда издөөдө жүргөн ПКК/КЖКнын Керкүк облустук жооптуусу жок кылынды.

2064149
Түркия террорго каршы күрөшүн чечкиндүүлүк менен улантууда

Түркия террорго каршы күрөшүн чечкиндүүлүк менен улантууда.

Жикчил террордук уюм ПККнын жогорку даражадагы мүчөлөрүнө каршы операциялар үзгүлтүксүз уланып жатат.

Кызыл категорияда издөөдө жүргөн ПКК/КЖКнын Керкүк облустук жооптуусу жок кылынды.

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Ирактын түндүгүндөгү Сүлейманиеде террордук уюм ПКК/КЖКнын кызыл категорияда издөөдө жүргөн Керкүк облустук жооптуусу Ремзи Авжыны таасирсиз абалга келтирди.

Улуттук Коргоо министрлиги да Ирактын түндүгүндөгү Кандил жана Хакурк аймактарында ПККга мүчө 10 террористтин жок кылынганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Ирактын түндүгүндөгү Кандил жана Хакурк аймактарында аныкталган 10 ПКК террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды. "Террорчу кайда болсо, бутабыз ошол жер" деген ураан менен террористтердин уюктарын жок кылууну улантабыз»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар