Түркия-Греция жыйыны

Ишенимди арттыруучу чаралар жыйыны Анкарада өткөрүлдү.

2064136
Түркия-Греция жыйыны

Түркия менен Грециянын делегацияларынын ортосундагы Ишенимди арттыруучу чаралар жыйыны Анкарада өттү.

Жыйында чаралардын 2024-жылы кайрадан ишке ашырылышы жана аткарылышы боюнча макулдашууга жетишилди.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Анкарада өткөрүлгөн жыйынындагы эки делегациянын тең элчилер, жогорку даражалуу аскерлер жана жарандык кызматкерлерден турганы белгиленди.

Билдирүүдө, жыйындан кийин тараптардын мурда макулдашылган Ишенимди арттыруучу чараларды 2024-жылы кайрадан ишке ашыруу боюнча макулдашышкандары айтылып: «Түрк жана грек делегацияларынын ортосундагы Ишенимди арттыруучу чаралар жыйынынын жаңы айлампасы 2023-жылдын 13-ноябрында болду. Жыйын Анкарада Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлигинин кожоюндугунда өттү. Эки делегация тең элчилерден, жогорку даражалуу аскерлерден жана жарандык кызматкерлерден турат. Жолугушууда эки тарап мурда макулдашылган Ишенимди арттыруучу чараларды 2024-жылы кайрадан ишке ашыруу боюнча макулдашышты. Жолугушуу жакшы маанайда өттү. Эки тарап ошондой эле байланышта болуу жана макулдашылган Ишенимди арттыруучу чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Байланыш механизмин (Point of Contact) түзүүнү макулдашты. Кийинки жыйын Грецияда болот»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар