Сирияга чек арадан өтүү мөөнөтү 3 айга узартылды

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттерге билдирүү жасады.

2064360
Сирияга чек арадан өтүү мөөнөтү 3 айга узартылды

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Сирия башкаруучулугунун гуманитардык жардам үчүн Өнжүпынар (Баб ал Салам) жана Чобанбей (Эль Рай) чек ара дарбазаларынын ачылыш мөөнөтүн дагы 3 айга узартканын жарыялады.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттерге билдирүү жасады.

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн кийин ачылган Өнжүпынар жана Чобанбей чек ара дарбазаларынын ачык мезгилинин 2024-жылдын 13-февралына чейин узартылганын белгилеген Дужаррик, бул эки дарбаза менен Жилвегөзү чек ара дарбазасынын учурда гуманитардык жардам үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. .

Дужаррик Сириянын түндүк-батышына чек ара жардамынын маанисине көңүл буруп, БУУнун жана өнөктөштөрүнүн бул дарбазалар аркылуу ай сайын 2,5 миллион кишиге жеткенин белгиледи.

БУУ персоналынын бул жылы 260 чек ара жардам операциясын аткарганын белгилеген Дужаррик 3 чек ара капкасынан жалпы 4 миң 200 жардам унаасынын өткөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар