Эрдоган Ташкентте Раиси менен жолугушту

Жолугушууда, Израилдин Газага кол салууларынан келип чыккан гуманитардык кризис жана чечүүчү кадамдар, Түркия-Иран эки тараптуу карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

2062616
Эрдоган Ташкентте Раиси менен жолугушту

Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 16-саммити үчүн Өзбекстандын борбор шаары Ташкентке барган президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Эрдоган менен Раисинин жолугушуусунда, Израилдин Газага кол салууларынан келип чыккан гуманитардык кризис жана чечүүчү кадамдар, Түркия-Иран эки тараптуу карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Жолугушууда президент Эрдоган Израилдин кол салууларын токтотуунун аймактын жана дүйнөнүн тынчтыгына кызмат кылаарын белгилеп, Ислам Кызматташтык Уюмунун өткөрүлө турган кезексиз саммитте адилеттүү чечимге жетишүү үчүн аракет кылышы керектигин билдирди.

Түркиянын кепил жоопкерчилигинин негизинде маселени чечүүгө даяр экенин баса белгилеген президент Эрдоган, Ислам дүйнөсүнүн орток позицияда болушу керектигин жана Израилге кысымды күчөтүү зарылдыгын айтты.



Тектеш кабарлар