Түркия Россиянын Конвенциялык күчтөр келишиминен чыгуу чечиминен санааркагандыгын билдирди

Россиянын 7 - ноябрда Европада Конвенциялык күчтөр   келишиминен  чыгуу чечиминин күчүнө кириши менен келишимдин башка катышуучу мамлекеттер тарабынан аткарылышынын мүмкүн эмес экендиги белгиленди.

2061996
Түркия Россиянын  Конвенциялык күчтөр келишиминен чыгуу чечиминен санааркагандыгын билдирди

Түркия Россиянын Европада  Конвенциялык күчтөр келишиминен (CFE) чыгуу чечиминен санааркагандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Россиянын 7 - ноябрда Европада Конвенциялык күчтөр   келишиминен  чыгуу чечиминин күчүнө кириши менен келишимдин башка катышуучу мамлекеттер тарабынан аткарылышынын мүмкүн эмес экендиги белгиленди.

Түркиянын бул шарттарда НАТОго мүчө башка Конвенциялык күчтөр келишимине кирген мамлекеттер менен келишимдин ишке ашырылышын бир канча убакытка токтотуу чечимин чыгаргандыгы айтылган билдирүүдө бул чечимдин «кайра алына ала турган мүнөздө» экендиги белгиленди.

«Бул тууралуу байланыштарыбызды тийиштүү бардык тараптар менен улатабыз.  Бул  мезгилде куралдардын көзөмөлү, куралсыздануу жана жайылууну алдына алуу жоболору боюнча  толук ишке ашырууга кайтып келүү эл аралык коопсуздук үчүн ар дайымкыдан дагы да чоң мааниге ээ болууда»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар