Байрактар : "Израиль менен энергетика долбоорлору токтотулат"

Алпарслан Байрактар менчик телекөрсөтүү каналында энергетика күн тартибине байланыштуу баа берди.

2062125
Байрактар : "Израиль менен энергетика долбоорлору токтотулат"

Энергетика  жана жарытылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Газада ок атышпоо болбостон Түркиянын Израиль менен эч качан энергетика долбоору тууралуу сүйлөшпөй тургандыгын белгиледи. 

Алпарслан Байрактар менчик телекөрсөтүү каналында энергетика күн тартибине байланыштуу баа берди. 

Израилдин Газага  7 -  октябрда  башталган кол салууларынан кийин Түркия менен Израилдин ортосундагы энергетика тууралуу долбоорлордун абалына токтолгон Байрактар : "Ушунчалык чоң мыкаачылык,  адамзаттык трагедия  болуп жатканда бир долбоор тууралуу сүйлөшүү адамзатка, ал жердеги боордошторубузга каршы сыйсыздык болот. Мындан кийин биз сүйлөшө турган бир гана нерсе Газанын электр, суу, тамак  - аш муктаждыгын кантип камсыз кыла алабыз болушу мүмкүн. Бир гана долбоор ушул болот",- деди. 

Газа кол салуусунан кийин  аймакта жашоонун ткотогондугун белгилеген Байрактар : "Газага генератор жибердик. Рефах капкасында күтүп жатат. Power Ship деп аталган сүзүүчү электр станциялары менен ал жерге кандай салым кошо алабыз. Ал кишилердин турмушун кантип калыптандырабыз. Ок атышпоо болбостон бир нерсе сүйлөшүү мүмкүн эмес". 

 

 



Тектеш кабарлар