Министр Фидандын Газа дипломатиясы...

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда тышкы иштер министри Хакан Фидан бүгүн египеттик жана иорданиялык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2060494
Министр Фидандын Газа дипломатиясы...

Түркиянын Газадагы адамдык трагедиясын токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттери уланууда.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда тышкы иштер министри Хакан Фидан бүгүн египеттик жана иорданиялык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри жана Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафеди менен болгон өз өзүнчө сүйлөшүүдө Газада карапайым калкты бутага алган кол салуулардын токтотулушу жана ок атышпоонун токтоосуз түрдө түзүлүшү үчүн эмнелер жасала турганы тууралуу пикир алмашылганы белгиленди.

Тышкы иштер министри Фидандын египеттик кесиптеши Шүкри менен Газага гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жана туруктуу жеткирилишин камсыздоо аракеттерин да сүйлөшкөнү билдирилди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Андан бери эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болду.



Тектеш кабарлар