Ванда бир аскер шейит болду

Ванда ПКК жикчил террордук уюмдун террористтери жолго жайгаштырган жарылуучу заттын жардырылышы менен  бир аскер шейит болду.

2060326
Ванда бир аскер шейит болду

Ванда ПКК жикчил террордук уюмдун террористтери жолго жайгаштырган жарылуучу заттын жардырылышы менен  бир аскер шейит болду. 

Улуттук коргоо минимстрлигинен берилген маалыматта Вандын Башкале районунда жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү жолго жайгаштырган колдо жасалган жарылуучу заттын аскердик  унаа өтүп бара жаткан учурда жардырылгандыгы маалымдалды. 

Маалыматта жарылуунун натыйжасында  оор жараланып ооруканага алып барылган аскер Бекташтын бардык жардамдарга карабастан куткарыла албагандыгы жана шейит болгону белгиленди. 

Маалыматта  : "Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтын ырайымын, кайгылуу үй  -  бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрү менен элибизге  көңүл айтабыз",- деп билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар