Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер - министри Түркияга ыраазычылык билдирди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Үнал Үстел Түрк Мамлекеттер Уюмунун 10 - саммитинде сүйлөгөн сөзүндө президент Режеп Таййип Эрдоганга Түндүк Кипр Түрк Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

2060259

Премьер - министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Үстел президент Эрдогандын Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн саммитте сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасын чоң түрк үй - бүлөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары мүнөздөгөндүгүн эске салды.

Кийинки жолугушууларда да ушундай абалды көрүүнү кааларын айткан Үстел: «Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган мырзага бизге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем»,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер - министри Үстел саммиттин алдында өткөрүлгөн тышкы иштер министрлеринин жыйынында : «Кипр түрк калкына жасалган адилетсиз жана адамкерчиликсиз изоляцияга каршы бирге болушубуз керек»,-деди. Түндүк Кипр Түрк Республикасын колдоого чакырган тышкы иштер министри Хакан Фиданга да ыраазычылык билдирди.

Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасын ар платформада колдогонуна көңүл бурган Үстел билдирүүсүндө буларга орун берди : «Ар платформада Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дүйнөдөн изоляцияланышы үчүн аракет кылгандардын  бул күчтүү билдирүүлөрдүн жардамы менен максаттарына жете албайт жана Кипр түрк калкы жолун  бекем кадамдар менен улантат»,- деди.

Тектеш кабарлар