Түрк Кызылайынан Газадагы жарандарга жардам

Израилдин кол салууларынан улам дүйнө менен байланышы үзүлүп, газ запасы түгөнгөн Газада кагылышуулардан жапа чеккен жарандарга ысык тамак жана азык-түлүк жеткирилди.

2060109
Түрк Кызылайынан Газадагы жарандарга жардам
turk kizilay gazze yardim.jpg
turk kizilay gazze yardim.jpg
turk kizilay gazze yardim.jpg

Түркиянын Кызыл жарым ай коомунун Газадагы жергиликтүү тобу жана ыктыярчылар тарабынан мектептерге баш калкалаган 1500 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттери жана 12 миң кишиге ысык тамак таратылды.

Түрк Кызылайынын билдирүүсүнө караганда, Израилдин кол салууларынан улам дүйнө менен байланышы үзүлүп, газ запасы түгөнгөн Газада кагылышуулардан жапа чеккен жарандарга ысык тамак жана азык-түлүк жеткирилди.

Бир жумалык азык-түлүк запасы калган шаарга көбүрөөк жардам кирүүсү үчүн сүйлөшүүлөр уланууда.

Ошол эле учурда «Рефах» чек ара капкасынан Газага жеткириле турган жардамдын логистикалык координациясында кызмат кылуу үчүн Египетке 4 кишилик Түрк Кызылайы дайындалды.

Ок атышпоо чакырыктарына карабастан Израил 28 күндөн бери Газага каршы чабуулдарын улантууда.

Газада Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 166га көбөйүп 9 миң 227ге жеткени, каза болгондордун 3 миң 826сынын балдар, 2 миң 405инин да аялдар экени кабарланды.



Тектеш кабарлар