Президенттиктин 2023-жылдагы маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыгынын ээлери

Президент Эрдоган, социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2057702
Президенттиктин 2023-жылдагы маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыгынын ээлери

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Президенттиктин 2023-жылдагы маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыгынын» ээлерин жарыялады.

Президент Эрдоган, социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Түркия кылымы көз карашына салымдары жана жетишкендиктери менен Республикабыздын 100 жылдыгынын сыймыгын даңазалаган, Президенттиктин 2023-жылдагы Маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыгына ээ болгон өнөрпоздорубузду, илим жана маданият адамдарыбызды куттуктайм»,-деп айтты.

Президент Эрдогандын билдирүүсүндө, Президенттиктин 2023-жылдагы маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыгы илим тармагында Сүлейман Улудаг, маданият тармагында Али Биринжи, музыка тармагында Эмел Сайын, сүрөт тармагында Илхами Аталай, карикатура тармагында Хасан Айчын, кино тармагында Сами Шекероглу, санариптик искусство тармагында Рефик Анадол, архитектура тармагында Синан Геним, адабият тармагында Назан Бекироглунун татыктуу деп табылганы белгиленди.

Лоялдуулук сыйлыктарынын да Аттила Илхан, Барыш Манчо, Исмаил Хаккы Узунчаршылы, Мухсин Эртугрул жана Самиха Айвердиге ыйгарылганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар