Акыркы бир жумада 33 террорист жок кылынды

Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана эл аралык карым  - катнаштар боюнча кеңешичиси Зеки Актрк бул тууралуу маалымат берди.

2056263
Акыркы бир жумада  33 террорист жок кылынды

Ирак жана Сириянын түндүгүндө  акыркы бир жумада 33 террорист жок кылынды. 

Улуттук коргоо министрлигинин жумалык басма сөздү маалыматтандыруу жыйынында сөз сүйлөгөн Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана эл аралык карым  - катнаштар боюнча кеңешичиси, контр-адмирал Зеки Актүрк : "Башта ПКК/КЖК/ПЙД  -ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ болгон бардык террордук уюмдарга каршы өлкө ичиндеги жана чек арада ийгиликтүү  жүргүзүлгөн операциялар менен Ирак жана Сириянын  түндүгүндө  33 террорист жок кылынды. Ушундайча жок кылынган террорист саны бул жылдын ичинде 1715ке,  2015 -  жылдын  24 -  июлунан бери 39 миң  58ге жетти",- деп билдирди. 

Актүрк : "Бир тараптан Сириядагы операция аймактарыбызда түзүлгөн коопсуздук жана тынчтык чөйрөсүн бузууга карата жылдын ичинде жүргүзүлгөн  417 кол салуу аракетине керектүү жооп кайтарылып, 26сы акыркы бир жумада болуу менен  1298 террорист жок кылынды",- деди. 

 



Тектеш кабарлар