Транспорт министри Уралоглу Брюсселде

Уралоглу Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдиги Комиссиясынын Транспорт боюнча жооптуу мүчөсү Адина Валеан менен жолугушту.

2055830
Транспорт министри Уралоглу Брюсселде

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Түркия менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы кызматташтыгынын үзгүлтүксүздүк жана өнүгүүсү жагынан «Жогорку деңгээлдеги транспорт диалогунун» чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Уралоглу Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдиги Комиссиясынын Транспорт боюнча жооптуу мүчөсү Адина Валеан менен жолугушту.

Жолугушууда Уралоглу Түркия менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы тыгыз кызматташтыгынын өз ара карым - катнаштарга жаңы дем берерин белгиледи.

Министр Уралоглу да Түркиянын Европа Биримдиги менен транспорт тармагында мындан аркы кызматташууга даяр экенине көңүл бурду.

Бир тараптан  министр Уралоглу, X социалдык медиадан берген билдирүүсүндө : "Глобалдык өткөөл форуму үчүн келген Брюсселде эки тараптуу жолугушуулардын алкагында алгач Европа Биримдигинин транспорт боюнча комиссары Адина Валеан  менен жолугуштук.   Европа Биримдигинин алкагында түрдүү тармактарда кызматташууга баа берген жолугушууда өлкөбүздүн эл аралык транспорт коридорлорундагы маанисин баса белгиледик",- деди. 

 



Тектеш кабарлар