Ички иштер министри Йерликая террор менен күрөшүү боюнча маалымат берди

Али Йерликая соцтармактан берген билдирүүсүндө шейиттердин каны жербе калбагандыгын баса белгилеп, акыркы террорист жок кылынганга чейин террор менен  күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын айтты.

2055547
Ички иштер министри Йерликая террор менен күрөшүү боюнча маалымат берди

Ички иштер министри Али Йерликая бирөөсү саргымтыл кызыл, экөөсү боз категорияда изделип жаткан үч террористтин Диярбакырдын Лиже районунда жок кылынгандыгын, бир террористтин Шырнакта кармалгандыгын билдирди. 

Йерликая соцтармактан берген билдирүүсүндө шейиттердин каны жербе калбагандыгын баса белгилеп, акыркы террорист жок кылынганга чейин террор менен  күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын айтты. 

Операциялар тууралуу маалымат берген Йерликая аскерлердин Диярбакырдын Лиже районунун Кыйыкөй элетинде террористердин качуу багытына бөгөт коюу менен аймакты курчоого алган операцияда ПКК жикчил террордук уюмунун  үч террористтинин жок кылынгандыгын билдирди. 

Йерликая жок кылынган террористтердин арасында «Бедран Хожа» каймана аттуу  Назым Хикмет Үлгөндүн кызгылт сары категорияда, «Живан» каймана аттуу Онур Камилоглу менен «Сейит Батман Брүск» каймана  аттуу Мухаммед Гөнелинин боз категорияда изделгендигин айтты.

Йерликая Шырнак облустук жандармерия командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн операцияда ПККнын мүчөсү Хасан Бинбирдин кармалып камакка алынганын белгилеп, террористтер катышкан кол салуулар тууралуу да маалымат берди.

 



Тектеш кабарлар