Эрдоган Швециянын НАТОго кирүү протоколуна кол койду

Швециянын НАТОго кирүү протоколуна президент Режеп Таййип Эрдоган кол коюп, Түркия Улуу Улуттук Парламентине  жөнөтүлдү.

2054847
Эрдоган Швециянын НАТОго кирүү протоколуна кол койду

Швециянын НАТОго кирүү протоколуна президент Режеп Таййип Эрдоган кол коюп, Түркия Улуу Улуттук Парламентине  жөнөтүлдү.

Президенттиктин коммуникация башкармалгынын социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө  : «Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна президентибиз Режеп Таййип Эрдоган 2023 - жылдын 23 - октябрында кол коюп, Түркия Улуу Улуттук Парламентине  жөнөтүлдү»,-деп айтылды.

Швециянын премьер - министри Ульф Кристерссон президент Эрдогандын Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна кол коюсунан ыраазы болгондугун билдирди.

Кристерссон социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө : «Президент Эрдогандын Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна кол коюп Түркия Улуу Улуттук Парламентине  сунуштоосуна ыраазычылык билдиребиз.   Парламент процедуралары эми башталат. НАТОго мүчө болууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз",- деди. 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да президент Эрдогандын Швециянын мүчөлүк протоколуна кол коюсун жана Түркия Улуу Улуттук Парламентине сунуштоосун колдоду.

Столтенберг : "Бекитүү үчүн ылдам добуштун берилишин жана Швецияны жакында НАТОнун толук союздашы катары  кабыл алууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Президент Эрдоган менен жуманын акырында өткөргөн сүйлөшүүдө да айтканымдай, бул абал союздаштыкты дагы да күчтүү жана коопсуз абалга алып келет",- деди. 

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер да : "Бул кадамды кубаттайбыз. Бул мыйзам долбоорунун Түркия Улуу Улуттук Парламентинде тез арада талкууланып, кабыл алынышын чыдамсыздык менен күтөбүз", -деди.

 



Тектеш кабарлар