Министр Фахреттин Кожа кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү
Министр Кож : «Бул жолугушуулардын бардык тараптар үчүн пайдалуу болоруна толугу менен ишенебиз»,- деди.
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа 9 - Түрк медицина дүйнөсүнүн курултайына катышкан мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлери менен өткөргөн эки тараптуу жолугушуулардын бардык тараптар үчүн пайдалуу болоруна ишенгендигин билдирди.
Министр Кожа соцтармактан берген билдирүүсүндө 9 - Түрк медицина дүйнөсүнүн курултайы Азиз Санжар илим, тейлөө жана колдоо сыйлыктарынын аземинде жолугушкан кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөндүгүн белгилеп : «Бул жолугушуулардын бардык тараптар үчүн пайдалуу болоруна толугу менен ишенебиз»,- деди.
Кожа билдирүүсүндө Кувейт, Грузия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Азербайжан, Түндүк Македония, Гамбия, Косово, Намибия жана Кыргыз Республикасынан кесиптештери менен өткөргөн жолугушууларга байланыштуу сүрөттөргө да орун берди.