Фахреттин Кожа Иордания менен иштешүүнү баштоо чечимин чыгаргандыгын айтты

Кожа социалдык медиа эсебинен Иордания Хашимит Королдугунун Саламаттыкты сактоо министри Фирас Ибрахим Аль-Хавари менен сүйлөшкөндүгүн билдирди.

2053645
Фахреттин Кожа Иордания менен иштешүүнү баштоо чечимин чыгаргандыгын айтты

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Газага медициналык жардамды пландоо жана координациялоо үчүн Иордания менен иштешүүнү баштоо чечимин чыгаргандыгын айтты.

Кожа социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Газадагы ооруканага кол салуулар тууралуу эл аралык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана бул алкакта Иордания Хашимит Королдугунун Саламаттыкты сактоо министри Фирас Ибрахим Аль-Хавари менен сүйлөшкөндүгүн билдирди. 

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн кызматташтыгын пландаштыруу жана координациялоо үчүн талкууларды баштоо чечими кабыл алынганын белгилеген Кожа кесиптеши Аль-Хавариге башка өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлери жана Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун жогорку мартабалуу жетекчилери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат бергенин айтты.

Түркия катары палестиналыктарга жардам берүү үчүн координация ичинде биргеликте иштөө сунушун билдиргенин айткан Кожа ушул алкакта талаа ооруканасынын курулушу, керектүү учурларда толук анализ жана дарылоо үчүн жаралууларды Түркияга аба жолу аркылуу жиберүү, медициналык персонал боюнча колдоо, дары  - дармек жана медициналык аппараттар тууралуу жардам берүүгө даяр экендерин иорданиялык кесиптешине билдиргендигин маалымдады.

Кожа Аль -  Хаваринин кызматташуу сунушунан жана мамилесинен улам Түркияга ыраазычылык билдиргендигин  белгиледи.

Министр Кожа билдирүүсүндө : «Газада 4 оорукана кызмат кыла албай калды. 14 саламаттыкты сактоо борбору электр үзгүлтүгү, күйүүчү майдын түгөнүшүнөн улам тейлебей жатат. Медициналык колдоо жана дары  - дармек жардамдарына бөгөт коюлду. 13 күндөн бери адамзаттын жана гумандуулуктун жолу тосулду. Бул бөгөт менен күрөшүп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар