Эрдоган Израилге чакыруу салды

Президент Эрдоган соцтармактан берген билдирүүсүндө Газага карата кол салуулардын кеңейтилишинин дагы көп көз жашы, өлүмдөн башка эч нерсе алып келбей тургандыгын баса белгиледи.

2053823
Эрдоган Израилге чакыруу салды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израиль башкаруусун жарандарга карата кол салууларын кеңейтпөөгө жана геноцидге  барган операцияларын дароо токтотууга чакыруусун кайталады.

Президент Эрдоган соцтармактан берген билдирүүсүндө Газага карата кол салуулардын кеңейтилишинин дагы көп көз жашы, өлүмдөн башка эч нерсе алып келбей тургандыгын баса белгиледи.

Балдарды, аялдарды, жарандарды геноцидге учуратуу менен ооруканаларды, мектептерди, мечиттерди, чиркөөлөрдү бомбалоо менен коопсуздуктун түзүлө албай тургандыгы ачык экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Зулумчулук менен бактылуу, бейпил турмуш болбойт»,- деди.

Израиль башкаруусунун жаңылыштыктан кайра кайтуу, мамлекеттин акылы менен иш кылуунун ордуна аймак тышындагы актерлордун да көкүтүүсү менен уюм сыяктуу мамиле кылгандыгын белгилеген Эрдоган : «Батыш өлкөлөрү колдогон, батыштык медиа мекемелери мыйзамдаштыруу жарышына кирген бул аракеттен аймагыбыз эртерээк кутулушу керек. Бардык мамлекеттерди жана эл аралык мекемелерди эртерээк Газада гуманитардык ок атышпоонун түзүлүшүнө карата аракеттерге колдоо көрсөтүүгө чакырамын»,- деди.

Израиль башкаруусуна жарандарга карата кол салуулардын масштабын кеңейтпөө жана геноцидге барган операцияларды дароо токтотуу чакыруусун кайталаган президент Эрдоган : «Мусулмандардын, жөөттөрдүн, хрситиандардын жана бул жерлерде жашаган баарынын коопсуздугун кепилдикке ала турган жаңы  механизмдердин түзүлүшү менен аймагыбыздын туруктуу ырааттуулукка жетише тургандыгына ишенебиз. Түркия күнөөсүз кишилердин канынын төгүлбөшү, дагы көп адамдын трагедия жашабашы жана Палестинадагы кагылышуулардын кайра кайтпай турган жерге барбастан чечилиши үчүн өзүнө түшкөн милдетти аткарууну улантат»,- деди.



Тектеш кабарлар