Түрк куралдуу күчтөрү гуманитардык жардам жана эвакуацияга катышууга даяр

Тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз кечээ күнү 700гө жакын кишинин Газадан эвакуацияланышын талап кылганын билдирди.

2053257
Түрк куралдуу күчтөрү  гуманитардык жардам жана эвакуацияга катышууга даяр

Түркиядан Палестинага карата жасала турган жардам иштери тууралуу түрк куралдуу күчтөрүнүн бериле турган көрсөтмөлөрдүн негизинде  гуманитардык жардам жана эвакуацияга катышууга даяр экендиги билдирилди. 

Израилдин кол салуусунан кийин Палестинага карата Түркиядан жасалышы пландалган жардам иштеринде Улуттук коргоо министрлигинин аткара турган милдеттери тууралуу суроого Улуттук коргоо министрлигинин булактары : "Түрк куралдуу күчтөрү бериле турган көрсөтмөлөрдүн негизинде гуманитардык жардам жана эвакуацияга катышууга даяр",- деп билдирди. 

Булактар түрк куралдуу күчтөрүнүн эвакуация жана медициналык жардам тууралуу тажрыйбаларына көңүл буруп, жардам иштеринин ишке ашырылышында эң негизги элементтин аймактагы чөйрөнүн ылайыктуулугу экендиги баса белгиленди. 

Ошол эле учурда тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз да кечээ күнү 700гө жакын кишинин Газадан эвакуацияланышын талап кылганын билдирди.

Йылдыз алардын 322синин Түркия Республикасынын жарандары, 214нүн Түркия Республикасынын жарандарынын жакыны  палестиналык,  55нин да  мекеменин кызматкерлери, Анадолу агенттиги, Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин кызматкерлери ( TRT) жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери экендигин айтты. 

Израил мурдагы күнү  кечинде Газанын борборундагы Аль-Ахли баптист ооруканасын бомбалап, кыргында 471 жаран каза болгон.

Израилдин 7-октябрда башталган кол салууларында 3 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 12 миң 500дөн ашуун палестиналык жараланды.

 

 



Тектеш кабарлар