Хакан Фидан ирактык, ирандык, аргентиналык кесиптештери менен сүйлөштү

Тышкы иштер министрлиги Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Ачык катышуу Аткаруу комитетинин жыйынына катышуу үчүн кечээ Жиддага барган Фидандын жолугушууларына байланыштуу X социалдык медиа платформасынан маалымат берди.

2053183
Хакан Фидан ирактык, ирандык, аргентиналык кесиптештери менен сүйлөштү
Fidan-Abdullahiyan.jpg
Fuad Huseyin-Hakan Fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабиянын Жидда шаарында Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейин жана Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлиги Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Ачык катышуу Аткаруу комитетинин жыйынына катышуу үчүн кечээ Жиддага барган Фидандын жолугушууларына байланыштуу X социалдык медиа платформасынан маалымат берди. 

Маалыматтарда Фидандын ирактык жана ирандык кесиептештери  Хүсейин жана Абдуллахиян менен жолугушкандыгы билдирилди. 

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Фидан Аргентинанын тышкы иштер министри Сантиаго Кафиеро менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. 

Сүйлөшүүдө Израиль жана Палестинадагы абалдар менен Израилдин Газага карата кол салуулары каралды. 

 



Тектеш кабарлар