ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды

Бул тууралуу Ички иштер министри Али Йерликая маалымат берди.

2050812
ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды

Сириянын  түндүгүндө ПКК/ЙПГ террордук уюмунун мүчөсү  10 террорист  жок кылынды. 

Түрк куралдуу күчтөрү террористтердин кол салууларына эселентүү менен жооп кайтарууну улантууда. 

Улуттук коргоо министрлиги Сириянын түндүгүндөгү "Евфрат калканы" жана "Зайтун бутагы" аймагында аныкталган ПКК/ЙПГнын 10 террористтинин жок кылынгандыгын жарыялады.

Министрлик Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  -  Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн  аймакта да аныкталган ПККнын 6 террористтинин жок кылынгандыгын билдирди. 

Билдирүүдө : " Террор кайда болсо бутабыз ошол жер деген ураан менен террор уяларын жер менен жексен кылууну улантабыз",- деп айтылды. 

Мардинде жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист  жок кылынды.

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, жандармерия топторунун Нусайбинде жүргүзгөн операциясында террористтер менен кагылышуунун чыккандыгын, кагылышууда 2 ПКК террористинин  жок кылынгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар