THY жана Pegasus Израилге каттамдарын токтотту
THYнын Басма сөз кеңешчилиги темага байланыштуу социалдык медиа баракчасынан кулактандыруу жарыялады.
2049171
Түрк аба жолдору (THY) жана Pegasus аба жолдору Израилге каттамдарын кийинки билдирүүгө чейин токтотушту.
THYнын Басма сөз кеңешчилиги темага байланыштуу социалдык медиа баракчасынан кулактандыруу жарыялады.
Кулактандырууда «Израилдеги учурдагы кырдаалдан улам каттамдарыбыз кийинки билдирүүгө чейин токтотулду»,-деп айтылды.
Pegasus аба жолдору да Израиль-Палестина кагылышуусуна байланыштуу каттамдарын кийинки билдирүүгө чейин токтотконун кабарлады.
Компания 2023-жылдын 7-октябрында же ага чейин сатылып алынган, 7-31-октябрь күндөрүн камтыган Израиль каттамдарына таандык билеттерди кайтарып берүү жана өзгөртүү укугу берилерин маалымдады.