Эрдоган Израилди эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилге мамлекет сыяктуу эмес уюм сыяктуу мамиле кыла турган болсо уюм сыяктуу мамиле кылынарын айтты.

2049494
Эрдоган Израилди эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилди мамлекет сыяктуу эмес уюм сыяктуу мамиле кыла турган болсо уюм сыяктуу мамиле кылынарын эскертти.

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Жакынкы Чыгышта күч алган чыңалууга кенен орун берген президент Израиль армиясынын блокада астындагы Газа тилкесине карата кол салуулары тууралуу : «Газага карата түрдүү ахлактык негизи жок кол салуулар дүйнөлүк коомдук пикирдин Израилди эч күтпөгөн жана кааланбаган абалга түшүрүшү мүмкүн»,- деди. Эрдоган Израиль башкаруусун : «Израиль мамлекет сыяктуу эмес уюм сыяктуу мамиле кыла турган болсо, акырында мамиле сыяктуу мамиле кылынарын унутпашы керек»,- деп эскертти.

Гуманитардык жардамдарды токтотуу сыяктуу Палестина калкын жазаландырууну максат кылган чечимдерден баарынын алыс болушу керектигин белгилеген Эрдоган : «Бир шаардын суусун, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратып, кирип  - чыгууларды тосуп, инфраструктурасын жрк кылуу, мечитинен чиркөөсүнө чейин бардык ибадатканаларды кулатып, адамдардын негизги гуманитардык муктаждыктарына жетүүсүнө тоскоол болуу менен ичинде жарандар  жашаган имараттарды бомбалоо жана ар кандай уялтуучу методдор менен жүргүзүлгөн кагылышуу согуш эмес, кыргын»,- деди.

Жарандарга карата эч бир кыймылды, жарандык отурукташуу жерлерин бутага алган кол салууну туура кабыл албагандарын, согуштун да бир адеп  - ахлагынын  бар экендигине, тараптардын да буга баш ийиши керктигине ишенгендерин белгилеген Эрдоган : «Тилекке каршы Израиль жана Газадагы кагылышууларда бул принцип абдан оор түрдө бузулду. Израиль жерлериндеги жарандардын өлтүрүлүшүнө ачыкча каршыбыз.

Аймагыбызды бул айлампадан чыгаруу үчүн Түркия катары ортомчулук жана «адилеттүү калыстык» да болгон эмне керек болсо баарын аткарууга даярбыз»,- деди.

Эрдоган : «Аймакка туруктуу тынчтык бир гана БУУнун чечимдерине таянган,  1967 -  жылдагы чектеринде, борбор шаары Чыгыш кудс болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин курулушу менен жана бул мамлекеттин бүткүл дүйнө тарабынан таанылышы менен келиши мүмкүн»,- деген көз карашын да кайталады.



Тектеш кабарлар