Эрдоган Нехаммер менен жолугушту

Президент Эрдоган Нехаммерди борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплекстин негизги кире беришинде тосуп алды.

2049029
Эрдоган Нехаммер менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга келген Австриянын премьер-министри Карл Нехаммерди расмий азем менен тосуп алды.

Президент Эрдоган Нехаммерди борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплекстин негизги кире беришинде тосуп алды.

Андан соң экөө жекеме-жеке жолугушууга өтүштү.

Эки лидердин жолугушуусунда Түркия-Австрия карым-катнаштары жана аймактык маселелер талкууланууда.

Делегациялардын жолугушуусунан кийин Эрдоган менен Нехаммер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.



Тектеш кабарлар