Эрдоган АКШны сынга алды

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарага келген Австриянын премьер-министри Карл Нехаммер менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2049053
Эрдоган АКШны сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу боюнча бардык көздөрдү Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) бура турган билдирүүлөрдү жасады...

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарага келген Австриянын премьер-министри Карл Нехаммер менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Жакынкы Чыгышта 7-октябрдан бери күчөгөн чыңалууга байланыштуу баа берген Эрдоган, АКШнын аймактагы азыркы мезгилдеги мамилесин сынга алды.

Американын башкаруучулугунун бул аймакка USS Gerald R. Ford учак конуучу кемесин жөнөтүшүн: «Американын учак конуучу кемесинин Израилде эмне иши бар? Ал эмне кылганы жатат? Ал учак конуучу кеменин айланасындагы бардык кайыктары менен жана учак конуучу кемедеги учактары менен эмне кылат? Мындан ары Газага жана анын айланасына кол салуу жана кыйратуучу абдан олуттуу кыргындарды жасай башташат»,-деп сындады.

Эрдоган сөзүн мындайча улантты:«Бүгүнкү күндө Сирияда 20дан ашык америкалык база бар. Американын базалары Сирияда эмне кылып жатат? Бул базалар менен кандай иштер жүрүп жатат? 23 база. Ушулардын баарына баа бериш керек эмеспи? Бирок тилекке каршы Америка Түркияга таандык (жикчил террордук уюм ПККга каршы операция жүргүзүп жаткан) учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрөт. Америка учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүп жатканда Түркия учурда Американын НАТОдогу өнөктөшү эмеспи? Бирге эмеспи? Муну кантип түшүндүрөбүз? Буга кандай баа беребиз? Аларга ылайык келгенде өнөктөшпүз, аларга ылайык келбесе, тилекке каршы, Америка бардык террордук уюмдарды машыктырып, окутуп, куралдандырып жатат. Тилекке каршы, Сирия болобу, Жакынкы Чыгыш болобу бул жерлерди кан төгүүчү жайга айлантып жатат. Келгиле, буларды көрөлү».

Аймакта чыңалууну күчөтө турган, дагы көп кан төгө турган, көйгөйлөрдү тереңдете турган кадамдардан качуунун маанилүү экенин баса белгилеген Президент:«Учурда Газага суу берилбей жатат. Кана адам укуктары? Электр жарыгы жок, берилбей жатат. Кана адам укуктары? Кызык, азыр Газадагы ооруканалардын абалы кандай? Ал иштейби? Тилекке каршы! Бирок сыйынуучу жайларга жана ооруканаларга аёосуз сокку урууда. Булар жасалып жатканда эч ким эч нерсе дебейт», - деп айтты.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирди.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең жүздөгөн курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар