Австриянын канцлери Түркияга келет
Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен ишке аша турган сапар 9-10-октябрды камтыйт.
2048432
Австрия Республикасынын канцлери Карл Нехаммер расмий сапар менен Түркияга келет.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен ишке аша турган сапар 9-10-октябрды камтыйт.
Сапардын алкагында өткөрүлө турган жолугушууларда Түркия менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагынан каралып, кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.
Жолугушууларда эки тараптуу мамилелерден тышкары актуалдуу глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышуу да көздөлүүдө.