Түрк аба жолдору менен China Eastern Airlines ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү
Өз ара түшүнүшүү меморандумуна түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши жана China Eastern Airlines компаниясынын жетекчиси Ли Янгмин кол коюшту.
Кытайдын Шанхай шаарында өткөрүлгөн эл аралык авиация форуму North Bund Forum 2023түн алкагында түрк аба жолдору менен China Eastern Airlines ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Өз ара түшүнүшүү меморандумуна түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши жана China Eastern Airlines компаниясынын жетекчиси Ли Янгмин кол коюшту.
Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген билдирүүгө караганда, Түркия - Кытай базарынын Ковид - 19 эпидемиясынан кийин калыбына келиши менен China Eastern Airlines Стамбул каттамдарын баштоо чечимин чыгарды.
Бул чечим жана сүйлөшүүлөргө ылайык, China Eastern Airlines бүгүн алгачкы каттамын аткарды.
Шанхай - Стамбул багытындагы каттамдар өз ара, жумасына үч жолу аткарылат.
Шанхайда өткөн жолугушууда эки авиакомпаниянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Ушунун алкагында эки авиакомпаниянын ортосунда түзүлгөн атайын пропорция келишиминин эффективдүүлүгү жогорулайт.