Превеза деңиз жеңиши жана деңиз күчтөрү күнүнө карата атайын клип даярдалды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн социалдык медиа баракчаларында бөлүшүлгөн клипте Аскер деңиз күчтөрү командирлигинин машыгуусунун кадрлары да орун алды.

2043346
Превеза деңиз жеңиши жана деңиз күчтөрү күнүнө карата атайын клип даярдалды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) 27-сентябрь Превеза деңиз жеңиши жана деңиз күчтөрү күнүнө карата атайын клип даярдады.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн социалдык медиа баракчаларында бөлүшүлгөн клипте Аскер деңиз күчтөрү командирлигинин машыгуусунун кадрлары да орун алды.

Аскер деңиз күчтөрү командирлигинин инвентаризациясындагы TCG Анадолу, TCG Бүйүкада, деңиз кайгуул учактары, суу астында жүрүүчү кемелер, SİHA (куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар) жана тик учактар ​​да орун алган билдирүүдө: «Превеза деңиз жеңишинин 485 жылдыгы жана Деңиз күчтөрүнүн күнү куттуу болсун. Түрк деңизчилери мындан 485 жыл мурда Превеза деңиз жеңиши менен күчүн бүткүл дүйнөгө жар салгандай эле бүгүнкү күндө да деңиз укуктарыбыз жана кызыкчылыктарыбыз үчүн баатырларча коркпостон кызмат кылуусун улантууда»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар