China Eastern Airlines Стамбулга уча баштады

Биринчи рейстте 199 жүргүнчү болду.

2043573
China Eastern Airlines Стамбулга уча баштады

Кытайдагы авиакомпания China Eastern Airlines Стамбул-Шанхай каттамдарын баштады.

Стамбул аэропортуна каттаган 95-чи авиакомпания болгон China Eastern Airlinesтин «Airbus A330-200» үлгүсүндөгү учагы менен ишке ашырган биринчи рейсинде 199 жүргүнчү болду.

Стамбул аэропортунда өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн ИГА Авиацияны өнүктүрүү директору Мажид Кхан, Стамбул аэропорту катары күн сайын болжол менен 250 миң жүргүнчүнү кабыл алгандарын белгилеп: «Кытайдан Стамбулга келген үчүнчү авиакомпания болгон China Eastern Airlinesти көргөнүбүзгө кубанычтабыз»,- деди.

China Eastern Airlinesтин башкы директору Лу Жун болсо Стамбулга каттамдардын башталышынан канааттанганын билдирди.

Шанхай менен Стамбулдун эки атактуу шаар экенин белгилеген Лу Жун: «Бул эки шаардын ортосунда учуу, Стамбулга келүү үчүн ИГА жана берки мекемелерден чоң колдоо алдык. Баарыңыздарга ырахмат»,-деди.

Кытай авиакомпаниясы Стамбул аэропорту менен Шанхай эл аралык аэропортунун ортосунда жумасына 3 жолу эки тараптуу каттам жасайт.



Тектеш кабарлар