Түркия Румынияга жаратылыш газын экспорттойт

Бул тууралуу Мунай кууру менен мунай зат ташуу акционердик коому (BOTAŞ) маалымат таратты.

2042767
Түркия Румынияга жаратылыш газын экспорттойт

Түркиядан Румынияга күнүнө 4 миллион метр кубга чейин жаратылыш газын экспорттоо боюнча келишим түзүлдү.

Мунай кууру менен мунай зат ташуу акционердик коомунун (BOTAŞ) билдирүүсүндө, «BOTAŞ аймактын ири энергетикалык компанияларынын бири болгон OMV Petrom менен маанилүү келишимге кол койду. Күнүнө 4 миллион куб метрге чейин жаратылыш газын жеткирүүгө мүмкүндүк берген 2025-жылдын 31-мартында аяктай турган келишимдин алкагында  Түркиядан Румынияга куур аркылуу жаратылыш газ экспорту 1-октябрда башталат»,деген сөздөр камтылган.

Билдирүүдө тараптардын жаратылыш газын өткөрүү, сактоо, өндүрүү жана жашыл энергия технологиялары тармактарында да кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашканы белгиленип:«Бүгүнкү күнгө чейин чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн катарына кирген Греция, Болгария жана Венгрияга жаратылыш газынын экспорту боюнча маанилүү келишимдерди түзгөн BOTAŞ, газ менен камсыз кылган өлкөлөргө Румынияны кошуу менен Европадагы энергия менен камсыздоо коопсуздугуна жана коңшу базарлардагы ар түрдүүлүккө кошкон салымын күчтөндүрүүдө»,-деп айтылды.

Түркия август айында Венгрия менен, январь айында Болгария менен жаратылыш газ экспорттоо келишимине кол койгон.



Тектеш кабарлар