Түркия Иракка көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, кечээ кечинде Мосулдун Хамдание районундагы тойканада өрт чыкканы белгиленди.

2042890
Түркия Иракка көңүл айтты

Түркия Ирактын Мосул шаарындагы тойканада чыккан өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, кечээ кечинде Мосулдун Хамдание районундагы тойканада өрт чыкканы белгиленди.

Маалыматта өрттүн кесепетинен 100дөн ашуун киши каза болуп, 500гө жакын кишинин жаракат алышынын терең кайгыга салганы айтылды.

Билдирүүдө: «Бул каргашалуу окуядан улам каза болгондорго байланыштуу алардын жакындарына көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар