Куртулмуш Саидов жана аны коштогон делегацияны кабыл алды

Куртулмуш, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын маанисин эске салды.

2042778
Куртулмуш Саидов жана аны коштогон делегацияны кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Саидов жана делегациясын борбор шаар Анкарада Түркия Улуу Улуттук Жыйынында тосуп алганы үчүн кубанычта экенин белгилеген Куртулмуш, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын маанисин эске салып: «Биз бул жерде түзө турган кызматташтык жана күч чындыгында Азия өлкөлөрү үчүн да, Европа өлкөлөрү үчүн да маанилүү мүмкүнчүлүк берет. Бардык тармактарда, анын ичинде экономикалык, соода, саясий, маданий, билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду түзүү аркылуу бирдиктүү максатка бирге кадам ташташыбыз керек. Бизди жакындаткан көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жана маданий негиздер бар, алардан пайда көрүү биздин милдетибиз»,- деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш: «Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар акыркы убакта эң мыкты деңгээлге жетти. Өзбекстандын күчтөнүшүн Түркиянын күчтөнүшү катары кабыл алабыз. Ошол сыяктуу эле Өзбекстандагы боордошторубуз да Түркиянын өнүгүшүн ушундай кабыл алганын билебиз»,-деп айтты.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов болсо Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмуш менен жолугушканына кубанычтуу экенин белгилеп, Түркиянын Өзбекстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкө болгонун ар дайым эстегендерин жана муну эч качан унутпай тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар