Эдинбург герцогу Стамбулга келди

«Эдинбург герцогу Эл аралык жаштар сыйлыгынын» колдоочусу  Британиянын Эдинбург герцогу принц Эдвард Стамбул Кабаташ балдар лицейинде болду.

2042458
Эдинбург герцогу Стамбулга келди
edinburgh duku prens edward istanbul’da.jpg
edinburgh duku prens edward istanbul’da.jpg

«Эдинбург герцогу Эл аралык жаштар сыйлыгынын» колдоочусу  Британиянын Эдинбург герцогу принц Эдвард Стамбул Кабаташ балдар лицейинде болду.

Принс Эдвард формалдуу эмес билим берүүнүн жаштарга жана коомдорго тийгизген таасири тууралуу маалымат берүү үчүн 3 күндүк иш сапары менен Түркияга келди.

Эдвардды кечээ Кабаташ балдар лицейинде  Түркиянын Адам ресурстары билим берүү жана саламаттык сактоо фондунун (ТИКАВ) жетекчилери жана мектеп жетекчилиги тосуп алды.

ТИКАВ кызматкерлери жана мектеп жетекчилиги принс Эдвардга мектептин иши жана окуучулары тууралуу маалымат беришти.

 

Принц Эдвард Эл аралык жаштар сыйлыктарынын алкагында иштеп жаткан окуучулар менен маектешти.

Эбру, черепица, Эдирнекари жана тигүү - сайма сыяктуу салттуу түрк өнөрлөрү менен алектенген окуучулар принц Эдвардга өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн тартуулашты.

Окуучулар менен стол теннисин ойногон принц Эдвард робототехника устаканасына жана мектептин Кембридж классына барды.

 

Эдвард Кабаташ балдар лицейинин коноктор китебине да кол койду.

Эдвард мектеп бакчасында өткөрүлгөн иш - чарага катышып, Түркиянын ар кайсы шаарларынан келген жана ар кайсы тармактарда иштеген мугалимдер, окуучулар жана ТИКАВ жетекчилери менен жолугушту.

Кабаташ балдар лицейинин директору Мухаррем Байрак принц Эдвардга энеси Ханыша II. Элизабет жана  атасы Эдинбургдун мурдагы герцогу принц Филипптин 2008 - жылы мектепке келгендеги сүрөттөрү жана алардын кол тамгалары камтылган сүрөттү белек кылды.  

Принц Эдвард Британиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда Эл аралык жаштар сыйлыгынын алкагында алтын сыйлыкка ээ болгон 38 окуучуга сыйлыктарды тапшырат.

 

 



Тектеш кабарлар