Фидан: «Учурда экономикалык жана саясий кызматташтык моделдерин өнүктүргөн Түркия бар»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясынан кийин Нью-Йорктогу Түрк үйүндө басма сөз өкүлдөрүнө баа берип, суроолорго жооп берди.

2041352
Фидан: «Учурда экономикалык жана саясий кызматташтык моделдерин өнүктүргөн Түркия бар»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, бүгүнкү күндө аймактык экономикалык жана саясий кызматташтык моделдерин өнүктүргөн жана глобалдык адилетсиздик менен теңсиздикти чечүү үчүн бардык каражаттарды мобилизациялаган Түркиянын бар экенин айтты.

Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы Ассамблеясынан кийин Нью-Йорктогу Түрк үйүндө басма сөз өкүлдөрүнө баа берип, суроолорго жооп берди.

Башкы ассамблеянын быйылкы темасы болгон «Баардыгы үчүн тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана туруктуулук» темасында Түркиянын алдыңкы ролду алганын баса белгилеген Фидан:«Бүгүнкү күндө өзгөчө Украина согушу баш болгон маселелерге тынчтык үчүн ортомчу болгон, азык-түлүк каатчылыгынын алдын алган, Кара деңиз дан демилгеси үчүн көп катмарлуу жана абдан пайдалуу аракетин жасаган, аймактык экономикалык жана саясий кызматташтык моделдерин иштеп чыккан жана глобалдык адилетсиздикти жана теңсиздикти чечүү үчүн бардык каражаттарды мобилизациялаган Түркия бар»,-деп айтты.

Фидан Нью-Йоркто Украина, Карабах, Сирия жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу көптөгөн стратегиялык маанилүү жыйындарды өткөргөнүн жана катышканын, сүйлөшүүлөрдүн негизги өзөгүн Орусия менен Украина контекстиндеги өзгөчө аймактагы тынчтык жана коопсуздук менен тыгыз байланышта болгон темалар түзгөнүн белгиледи.

Министр Фидан Азербайжандын 19-сентябрда баштаган антитеррордук операциясына токтолуп: «Бул операция башка жол жок экенин көрсөттү»,-деди.

Жолугушууларында «ар дайым Азербайжандын туура талабынын жанында экендиктерин» кайталагандарын жана бул темада БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн жыйынга да катышкандарын белгилеген Фидан, Карабах операциясынын «Түштүк Кавказда ырааттуулук жана нормалдаштыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк терезесин ачканын» баса белгиледи.

Фидан: «Убакыт барда Армениянын бул мүмкүнчүлүк терезесин жакшыраак пайдалануусу керек деп ойлойбуз»,-деди.

Түркия-Греция карым-катнаштарына да токтолгон Хакан Фидан, лидер деңгээлинде өткөрүлгөн жолугушууларда чечим кабыл алынганын, эки лидердин тең темага оң күн тартиби менен караганын, Түркия менен Грециянын ортосундагы көйгөйлөрдү өз ара урматтоо жана жакшы ниеттин негизинде чечүүгө эрк бар экенин айтты.



Тектеш кабарлар