Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, болжол менен 45 мүнөткө созулган жолугушуу жабык түрдө өттү.

2041155
Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту
astana platformu disisleri bakanlari.jpg
fidan abd gorusmeler.jpg
blinken-fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы ассамблеясынын 78 -  сессиясынын алкагында жолугушууларын уланткан Фидан Нью-Йорктогу мейманканада АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен менен жолугушту.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, болжол менен 45 мүнөткө созулган жолугушуу жабык түрдө өттү.

Жолугушууда  эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары дагы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн жасала турган конкреттүү жана конструктивдүү кадамдар тууралуу пикир алмашуу болду.

Кара деңиз дан демилгеси, Швециянын НАТОго мүчөлүгү жана Карабахтагы акыркы абалдар жолугушууда талкууланган темалардын арасында орун алды.

Хакан Фидан, Нью-Йорктогу Түрк үйүндө Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан, Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто, Бельгиянын Европа иштери жана тышкы иштер министри  Хаджа Лахбиб менен жолугушту.

Фидандын израилдик кесиптеши менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактык өнүгүүлөр, өзгөчө экономика, туризм жана консулдук темаларынын сүйлөшүлгөндүгү белгиленди.

Министр Фидан Карачай түрктөрү менен да жолугуп, Башкы консулдуктун эшигинин ар дайым ачык жана алардын кызматында экендигин айтты.

Хакан Фидан Нью - Йоркто өткөн Астана платформасынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына да катышты.



Тектеш кабарлар