Транспорт министри Уралоглу Алжирдеги жолугушууларына баа берди

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Алжирдин  Түркиянын Африкага ачылган каалгасы, Түркиянын да бул өлкө үчүн Борбор Азияга ачылган каалгасы экендигин айтты.

2041206
Транспорт министри Уралоглу Алжирдеги жолугушууларына баа берди

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Алжирдин  Түркиянын Африкага ачылган каалгасы, Түркиянын да бул өлкө үчүн Борбор Азияга ачылган каалгасы экендигин айтты.

21 - сентябрда расмий сапар менен Алжирге барган министр Уралоглу эки күндүк жолугушууларына баа берди.

Уралоглу сапарынын Алжирдин коомдук иштер, ирригация жана негизги курулуштар министри Лахдар Рахрух менен транспорт министри Юсуф Шарфа тарабынан уюштурулганын айтып,  балык чарбачылыгы жана деңиз азыктары министри Ахмед Бадани, Алжирдин почта жана байланыш министри Керим Биби Тирки менен өзүнчө жолугушууларды өткөргөндүгүн маалымдады.

Жолугушууларынын абдан түшүмдүү өткөндүгүн билдирген Уралоглу түрк фирмаларынын Алжирде болушуна көңүл буруп, инфраструктуралык инвестиция, деңиз курулуштары, балык уулоо, авиация жана коммуникация темасында алжирдик тараптар менен бирге таштала турган кадамдарды сүйлөшкөндөрүн айтты.

Түркиянын Пекинден башталып Лондонго чейин созулган орто коридордо экенине көңүлдөрдү бурган Уралоглу орто коридордо олуттуу иштер менен бирге Фав портунан Хабур жана Овакөй чек ара дарбазасына чейин созулган өнүгүү жолу тууралуу иштей тургандарын белгиледи.

Алжирдин Африкадагы позициясынын маанисине басым жасаган Уралоглу: «Түркия үчүн бул жер (Алжир) Африканын негизги кирүү каалгасы болот, Алжир үчүн да Түркия негизинен Борбор Азияга жана түрк республикаларына ачылган каалга болот.  Андыктан  деңиз соодабызды мындан ары да өнүктүрүүбүз керек»,- деди.

Алжирдин коомдук иштер, ирригация жана негизги курулуштар министри Рахрух да министр Уралоглу менен Түркия  -  Алжир  ишкерлер форумуна катышкандарын эске салып, бул жолугушуулардын абдан түшүмдүү болгондугун айтты.

Түрк фирмаларынын Алжирдеги эң чоң чет элдик инвесторлор экенине көңүл бурган Рахрух Түркиянын Алжирдеги инвестициясынын дагы да көбөйө тургандыгын белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар