Түркиядан Карабах тууралуу билдирүү

Түркия Карабахтагы антитеррордук операцияны "Өзүнүн эгемендүү жерлеринде керектүү чараларды көрүү" деп мүнөздөдү.

2039613
Түркиядан Карабах тууралуу билдирүү

Түркия Карабахтагы антитеррордук операцияны "Өзүнүн эгемендүү жерлеринде керектүү чараларды көрүү" деп мүнөздөдү. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Азербайжандын Карабах аймагындагы мыйзамсыз армян куралдуу элементтеринин Азербайжандын  армиясына жана коопсуздук кызматкерлерине карата көп убакыттан бери куралдуу кол салуу жана провокацияларды жүргүзүп келгендиги  белгиленип, Азербайжан армиясынын буга каршы  өзгөчө  аскердик элементтер бутага алынган антитеррордук операция баштаткандыгы эске салынды. 

Экинчи Карабах согушу аяктагандан (2020 - жыл) бери Азербайжандын аянттагы абалга байланыштуу дайыма айтып келген мыйзамдуу жана негиздүү тынчсызданууларынын чечиле албагандыгы белгиленген билдирүүдө : "Азербайжан өзүнүн эгемендүү жерлеринде керектүү чараларды көрүүгө мажбур болду",- деген баа берилди.

Билдирүүдө : "Азербайжан менен Армениянын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүү процессинин натыйжага багытталган түрдө уланышына шарт түзүү ырааттуулукту орнотуунун бир гана жолу экендигине ишенебиз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар