Чек арада 2 террорист кармалды

Террорго каршы күрөш уланып жатат.

2038439
Чек арада 2 террорист кармалды

Шанлыурфанын Жейланпынар районунда, Сириядан өлкөгө кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөсү кармалды.

Террористтин Сириядан Түркияга кирүүгө аракет кылаарына байланыштуу чалгындоо маалыматы боюнча чек ара линиясындагы коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Топтор террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө экендиги аныкталган террористти чек ара тилкесинде кармады.

Террорчуга карата мыйзамдуу иш козголду.

Бир тараптан Хатайдагы коопсуздук күчтөрү Сириядан өлкөгө мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган бир кишини кармады.

Кармалган кишинин ДЕАШ террордук уюмунун мүчөсү экени аныкталды.



Тектеш кабарлар