Түркия АКШнын отчетуна каршылык көрсөттү

АКШнын мамлекеттик департаменти  2023 -  жылы адам сатуу  отчетун жаңылап бала аскер колдонгон өлкөлөрдүн тизмесинде Түркияга да орун берди.

2038226
Түркия АКШнын отчетуна каршылык көрсөттү

Түркия АКШнын мамлекеттик департаментинин 2023 - жылдагы адам сатуу отчетуна катуу каршылык көрсөтүп : "Бала аскер колдонгон өлкөлөрдүн тизмесинде Түркиянын орун алышы өкүнүчтүү",- деген билдирүү жасады. 

АКШнын мамлекеттик департаменти  2023 -  жылы адам сатуу  отчетун жаңылап бала аскер колдонгон өлкөлөрдүн тизмесинде Түркияга да орун берди. 

Тышкы иштер министрлиги бул отчетко катуу каршылык көрсөттү. 

Министрликтин билдирүүсүндө : "Түркиянын адам сатууну алдын алуу тууралуу аракеттерине көңүл бурулбашына катуу каршылык көрсөтүлдү. Түркия адам сатуу кылмышын алына алуу, кылмышкерлердин  жазаландырылышы жана кылмыш курмандыктарын коргоо үчүн бардык аракетти көрсөтүүдө ; ушул алкакта эки тараптуу, аймактык жана эл аралык кызматташуунун дагы да бекемделишине карата иштерин үзгүлтүксүз улантууда",- деп айтылды. 

"Сирия жана  Ирактагы террордук кыймылдарда балдарга мажбурлоо менен курал карматкан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга аскердик жана финансылык жардам берген АКШнын Түркияны каралагандан мурда бул чындык менен беттешүүсү керек эле. Бул абал АКШ мекемелеринин чечимдерин негиз кылып алган маалымат булактарынын обьективдүүлүгү тууралуу олуттуу суроо белгисин жаратууда. Союздаштык руху менен дал келбеген бул жалаага каршы керектүү жооп берилет",-  деп айтылды билдирүүдө. 

Билдирүүдө Түркиянын тарап болгон аймактык жана эл аралык келишимдерге жараша адам сатуу кылмышын алдын алуу үчүн мурдагыдай эле чечкиндүү түрдө аракеттерин уланта тургандыгы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар