Шимшек : "Түркия жогорку кирешелүү өлкө болот"

Дүйнөлүк Түрк Иш Кеңешинин  10 -  курултайы Стамбулда улантылууда.

2038217
Шимшек : "Түркия жогорку кирешелүү өлкө болот"

Казына жана финансы министри Мехмет Шимшек Түркиянын бул жылы 1,1 триллион долларлык экономика болорун белгилеп : "Түркия  2026 -  жылы Дүйнөлүк банктын толугу менен "жогорку кирешелүү өнүккөн өлкөлөр категориясына" кирген болот",- деди. 

Дүйнөлүк Түрк Иш Кеңешинин  10 -  курултайы Стамбулда улантылууда. 

Иш - чаранын гала кечесинде сөз сүйлөгөн министр Шимшек дүйнөнүн аз өнүгүү мезгилинде экендигин белгилеген Шимшек : "Алдыбыздагы 5 жыл  орточо 3 пайыздык глобалдык өсүү күтүлүүдө. Анткени дүйнө абдан чоң карыздын ичинде жана бул өсүүнү чектеп жатат. Калктын олуттуу түрдө картайып бара жаткнадыгынан сөз болууда. Инвестицияларда салыштырмалуу төмөн болгон тенденция  бар. Өндүрүмдүүлүк төмөн. Булардын баарын ойлогондо  ансыз да өсүүнү чектеп жатат",- деди. 

Бирок андан да маанилүүсү дүйнөдө абдан олуттуу геосаясий кыйроонун бар экендигин белгилеген Шимшек : "Тактап айтканда  акыркы жылдардагы чыр  - чатактардан  улам  протекционисттик жолун уланта тургандай көрүнүүдө",- деди.  

Шимшек акыркы мезгилде  Түркиянын геополитикалык абалы менен 

камсыздоо жагынан артыкчылыкка ээ болгонун баса белгиледи.

Түркиянын быйыл болжол менен 1,1 триллион долларлык экономикага айлана турганын белгилеген Шимшек : "Түркия  2026 - жылы Дүйнө банкынын аныктамасы менен жогорку икрешелүү өнүккөн өлкөлөр категориясына кирген болот",- деди. 

 



Тектеш кабарлар