Түркиядан Ливияга жардамдар

Саламаттыкты сактоо министрлиги, кырсык болгон аймакка UMKE жана UMKE ATAK кызматкерлерин, көчмө ооруканасын, медициналык буюмдарды, аппараттарды жана дары-дармектерди жөнөттү.

2037747
Түркиядан Ливияга жардамдар

Түркиянын Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) төрагасы Окай Мемиш, сел апааты болгон Ливияга Деңиз күчтөрү командирлигине караштуу эки аскердик кеме менен 550 кызматкер жана болжол менен 4 миң тонна жардам материалынын жөнөтүлгөнүн айтты.

Мемиш үчүнчү кеменин да жолго чыга турганын билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук медициналык куткаруу тобу (UMKE) да Дерна шаарында кесепеттерди жоюу иштерин улантууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, кырсык болгон аймакка UMKE жана UMKE ATAK кызматкерлерин, көчмө ооруканасын, медициналык буюмдарды, аппараттарды жана дары-дармектерди жөнөттү.

Борбордук Жер Ортолук деңизине таасир эткен жана 10-сентябрда Ливиянын чыгышын каптаган «Даниэль» бороону Бенгази, Бейда, Марж, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болгон.

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтү сел апаатында 6 миң кишинин каза болгонун, миңдеген кишинин дайынсыз жоголгонун жарыялаган.

Сауд Арабиядагы Al Arabiya телеканалы болсо Ливиянын Кызыл Жарым Ай коомуна таянып берген кабарында, каза болгондордун санынын 11 миңден ашканын жана 20 миңдей кишинин дагы деле дайынсыз экенин билдирди.



Тектеш кабарлар