АКШдан Түркия тууралуу билдирүү
АКШ Түркиянын өздөрү үчүн абдан баалуу өнөктөш экендигин билдирди.
АКШ Түркиянын өздөрү үчүн абдан баалуу өнөктөш экендигин билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында берилген суроого : «Түрк өкмөтү менен конструктивдүү жана жакын мамилебиз бар, Түркия биз үчүн баалуу өнөктөш»,- деп билдирип, АКШнын президенти Жо Байдендин жакында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолукканын эске салды (Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити Индияда).
АКШнын каржы министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, Чет элдик активдерди көзөмөлдөө бюросу (OFAC) Россиянын Украинага каршы согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алсыратуу үчүн орус элиталары менен Россиянын өнөр жай базасын, каржы мекемелерин жана технология берүүчүлөрдү бутага алынгандыгы жана ушунун негизинде Россиянын санкциялардан кутулушуна жардам берген, борбору Түркия болгон 3 фирма менен бир түрк жаранынын санкция тизмесине алынгандыгы айтылды.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.