Йерликая: "258 террорист жок кылынды"

Ички иштер министри Анкарада билдирүү жасады.

2036895
Йерликая: "258 террорист жок кылынды"

Ички иштер министри Али Йерликая акыркы үч айда 258 террористтин зыянсыздандырылганын, 37си бомбалуу 44 террордук кыймылдын алдын алынганын кабарлады.

Йерликая борбор шаар Анкарадагы билдирүүсүндө, террордук уюмдарга каршы акыркы 90 күндүн ичинде İHA, SİHA жана İKU менен 15 миң 640 сааттык учуунун ишке ашканын белгилеп: «Жалпы 43 миң 490 операция жүргүздүк. Бул операцияларда 258 террорист жок кылынды, 40ы багынып берди, 27си өлдү, 187си тирүү, 4ү жараланды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар